01:37
USD 87.45
EUR 101.43
RUB 1.07

Кыргызстандын мектептерине башталгыч класстар үчүн жаңы китептер таркатылууда

Кыргызстанга башталгыч класстар үчүн математика, табият таануу жана англис тили боюнча жаңы окуу китептери келе баштады. Бул тууралуу КР Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик аталган предметтер боюнча окуу куралдарын колдонуу укугун министрликке караштуу «Окуу китеби» басмасы алганын белгиледи. Окуу-методикалык материалдар кыргыз жана орус тилдеринде окутулган мектептерге ылайыкташтырылган жана редакцияланган. Аларды «Учкун» акционердик коому басып чыгарат.

Министрликтин маалыматы боюнча:

• «Математика», 1-класс — 295 880 нускада басылып чыгып, мектептерге жеткирилди;

• «Мен жана дүйнө», 1-класс — 295 880 нускада басылып, таратылууда;

• «Математика», 2-класс — 344 660 нускада басылып чыгып, мектептерге таратыла баштады;

• «Табигый илимдер», 2-класс — басууга даярдалууда.

Билим берүү министрлиги жаңы окуу китептери мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык иштелип чыгып, окутуунун сапатын жогорулатууга жана предметтерди окутууга заманбап ыкмаларды киргизүүгө багытталганын баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар