13:11
USD 87.45
EUR 101.43
RUB 1.07

Күйүүчү майдын баасы 15 пайызга көтөрүлөбү? Бийлик чукул чараларды талкуулоодо

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы болжол менен 15 пайызга кымбатташы күтүлүп жатканын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Мекеменин айтымында, баанын көтөрүлүшү Орусиядагы геосаясий кырдаалга жана мунай продуктуларынын тартыштыгына байланыштуу болууда. Натыйжада кыргызстандык нефтетрейдерлер күйүүчү майдын чектелген көлөмүн алып жатышат. Бирок россиялык камсыздоочулар кымбатыраак бааны төлөөгө даяр кардарларга артыкчылык беришет.

Рынокту турукташтыруу үчүн кызмат Экономика жана соода министрлигине колдоо көрсөтүү чараларын, анын ичинде салык жүгүн (акциздик салыктар, КНС, экологиялык төлөмдөр жана башка төлөмдөр) убактылуу азайтуу, ошондой эле нефтетрейдерлерге жаңы баада күйүүчү май сатып алуу үчүн жеңилдетилген кредиттерди берүүнү кароону сунуштады.

Нефтетрейдерлер Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздоо 2025-жылдын аягына чейин үзгүлтүксүз уланат деп ишендиришти.

Монополияга каршы кызмат рынокко мониторинг жүргүзүүнү жана баалардын өзгөрүшүнө анализ жүргүзүүнү улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар