23:23
USD 87.45
EUR 101.41
RUB 1.07

Камчыбек Ташиев: «Ак-Талаа районуна ипотекалык турак-жай куруу пландалып жатат»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ак-Талаа районуна адистештирилген жана айыл чарба техникаларын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алгачкы бөлүгүндө УКМК төрагасына президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев маалымат берип, техникалар менен тааныштырды.

Президенттин Турукташтыруу фондунан Ак-Талаа районуна 110 млн сом бөлүнгөн. Жалпысынан 13 техника, анын ичинде алты бирдик айыл чарба жана адистештирилген техника сатып алуу пландаштырылган.

Ташиев белгилегендей, өлкө жетекчилигинин учурдагы негизги максаты аймактарда калктын социалдык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Мындан улам, техникалык жана башка муктаждыктарды жоюуга казынадан акча бөлүнүп,учурда аймактарда алгылыктуу иштер жүрүүдө.

Муну менен катар ал жергиликтүү тургундарга кайрылып, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы бир катар социалдык маселелерге токтолду.

Ал Ак-Талаа районуна жаңы төрөт үйү, спорт комплекси камтылган ири футбол аянты, ипотекалык үйлөр курула тургандыгын баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар