Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 24 сааттын ичиндеги төртүнчү жер титирөө 23-октябрда Кыргызстан аймагында болду.
Маалыматка ылайык, Рихтер шкаласы боюнча 3,0 баллга жеткен жер титирөөлөр мурунку күнү саат 22:44тө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан аймагында, Кара-Күнгөй айылынан түштүк-чыгышка 12 чакырым, Кара-Саз айылынан түштүк-чыгышка 15 чакырым жана Кочкор айылынан түштүк-чыгышка 25 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Кара-Күнгөй жана Кара-Саз айылдарындагы Рихтер шкаласы боюнча болжол менен 2,5 баллды түзгөн.
Эске сала кетсек, 22-23-октябрда Кыргызстанда үч жер титирөө катталган:
- саат 13:20да 12 баллдык MSK-64 шкаласы боюнча болжол менен 3,5 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Тогуз-Булак айылынан 20 чакырым түштүк-батышта, Коңур-Өлөң айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта жана Бөкөнбаев айылынан 35 чакырым түштүк-батышта жайгашкан;
- саат 13:33тө эпицентринде 3,0 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Өзгөрүш айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышта, Нарындан 62 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан;
- саат 20:04тө эпицентринде 3,5 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Өзгөрүш айылынан 25 чакырым түштүк-чыгышта, Нарындан 55 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.


