18:36
USD 87.45
EUR 101.52
RUB 1.08

Пайдалуу кеңеш: Дүкөндө сатылган балмуздак эмне үчүн коркунучтуу?

Аллерголог жана иммунолог Наталья Попованын айтымында, дүкөндөн сатылып алынган балмуздак курамында канттын көптүгүнөн семирип кетүү жана диабет оорусуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу NEWS.ru сайты жазып чыкты.

Мындан тышкары, ал бул продуктунун курамындагы кошумчалар аллергиялык реакцияларды жана тамак сиңирүү көйгөйлөрүн жаратышы мүмкүн экенин белгилейт.

«Дүкөндөн сатылып алынган балмуздак көбүнчө канттын, жасалма даамдардын, стабилизаторлордун жана консерванттардын көп көлөмүн камтыйт. Бул кошумчалар аллергиялык реакцияларды, тамак сиңирүү көйгөйлөрүн жаратып, тиштин кариесинин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Ошондой эле канттын көп болушу кандагы глюкозанын тездик менен көтөрүлүшүнө алып келет», -дарыгер

Попованын айтымында, үйдө жасалган балмуздак дүкөндөгү балмуздактарга альтернатива боло алат. Аны жасоо үчүн жаңы мөмөлөрдү, табигый йогурт же бал колдонсо болот. Попова мындай учурда кант жана жасалма кошулмаларды көп колдонуудан качуу керектигин кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар