13:33
USD 87.45
EUR 101.41
RUB 1.07

Быйыл Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракеси белгиленет

Быйыл улуу комузчу, ырчы жана композитор, Кыргыз ССРинин эл артисти Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленет. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.

Анын алкагында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлмөкчү:

Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында саат 18:30да Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтанатуу концерт өтөт.

Кинематография департаменти тарабынан Атай Огонбаев тууралуу кыска метраждуу документалдуу тасма даярдалууда. Ошондой эле «Ала-Тоо» кинотеатрында «Атай» аттуу көркөм тасманын бир сеансы акысыз көрсөтүлөт.

К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети, Композиторлор жана Музыка ишмерлер союздары менен биргеликте илимий-практикалык конференция өткөрөт.

ТҮРКСОЙ уюму тарабынан Берлин, Анкара, Будапешт шаарларында концерттер уюштурулат. Ошондой эле, АКШ жана Түркиядагы музейлерде Атай Огонбаевдин чыгармачылыгы таанытылат.

2025-жылдын 24-октябрында саат 14:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында филология илимдеринин кандидаты А.Жапановдун «Атай Огонбаев» аттуу I томдук энциклопедиясынын бет ачары өтөт. Китепканада сүрөт көргөзмөсү жана Атай Огонбаевдин урматына атайын бурч ачылат.

Маданият министрлиги Атай Огонбаевди Түрк дүйнөсүнүн классикалык композиторлоруна киргизүү үчүн ЮНЕСКО Улуттук комиссиясына тиешелүү сунуштама берет.

Эң көп окулган жаңылыктар