04:33
USD 87.45
EUR 101.52
RUB 1.08

Кыргызстандын бардык мектептеринде БУУнун 80 жылдыгы белгиленип жатат

Бүгүн, 24-октябрда өлкөнүн бардык мектептеринде Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына арналган тематикалык сабактар жана иш-чаралар өткөрүлүүдө. Окуучулар БУУнун тынчтыкты сактоодогу, эл аралык кызматташтыктагы жана адам укуктарын коргоодогу ролун, ошондой эле Кыргызстандын уюмдун ишине кошкон салымын изилдешти.

Бишкек шаарындагы Байдылда Сарногоев атындагы № 100 орто мектебинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравенин катышуусунда класстык саат болуп өттү.

УКМК
Фото УКМК. Кыргызстандын бардык мектептеринде БУУнун 80 жылдыгы белгиленди

Эдил Байсалов окуучулардын алдында сүйлөп жатып, төмөнкүлөрдү белгиледи:

«БУУнун күнү бардык мектептерде өткөрүлүп жатат, анткени Кыргызстандын окуучулары Бириккен Улуттар Уюму жөнүндө билиши керек жана биздин өлкө анын толук кандуу мүчөсү болгону менен сыймыктанышы керек. Анткени ар бирибиз — балдар дагы, чоңдор дагы — айлана-чөйрөнү сактоого, адам укуктарын урматтоого жана планетабызда тынчтыкты бекемдөөгө жооптуубуз».

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар дүйнө жана жаштардын келечеги үчүн БУУнун мааниси жөнүндө чыгармачылык иштерин, стенддерин жана кыскача презентацияларын тартуулашты.

Эң көп окулган жаңылыктар