22:30
USD 87.45
EUR 101.52
RUB 1.08

Кытайлык компаниялар Орусиядан мунай сатып алууну токтотту

Кытайдын мамлекеттик мунай компаниялары деңиз аркылуу жеткирилген орусиялык мунайды сатып алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу Reuters билдирди.

Мындай чечим АКШ Роснефть менен Лукойлго каршы жаңы санкцияларды киргизгенден кийин кабыл алынды. Агенттик белгилегендей, кытайлык компаниялар орусиялык мунай операцияларына катышуу экинчи даражадагы санкцияларга алып келиши мүмкүн деп кооптонушат.

Кытай адатта деңиз аркылуу күнүнө болжол менен 1,4 миллион баррел орус мунай (222 миллион литр) сатып алат. Бирок бул сатып алуулардын негизги бөлүгү ири компаниялардан эмес, «чайнек» деп аталган өз алдынча чакан нефтини кайра иштетүүчү заводдордон келет.

Кабарларга караганда, Кытай эми мунайдын башка булактарын, анын ичинде Жакынкы Чыгыш, Африка жана Латын Америкасын издейт. Бул мунайдын дүйнөлүк баасынын өсүшүнө алып келиши мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар