22:37
USD 87.45
EUR 101.52
RUB 1.08

Жайыл районунда мыйзамсыз аңчылыкка бөгөт коюлду

Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы

Жаратылыш ресурстар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлерине Жайыл районунун Малтабар айылынын жанында «Беш-Терек» унаа жолунун боюнда мыйзамсыз аңчылык болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ведомствонун кызматкерлери көз карандысыз инспекторлор менен бирге рейд өткөрүштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жарандын унаасын тинтүү учурунда ПСП үлгүсүндөгү пневматикалык тапанча табылган.

Кылмыш кодексинин 261-беренеси боюнча протокол түзүлүп, 10 миң сом айып салынган.

Чүй обладминистрациясы жарандарды мыйзамды сактоого, жапайы жаныбарларды коргоого, жаратылышты сыйлоого чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар