12:14
USD 87.45
EUR 101.52
RUB 1.08

U-23: Балбан Асан уулу Өмүрбек күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты

Асан уулу Өмүрбек учурда Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу UWW сайтында жарыяланды.

61 кг салмактагылар арасында ал Кытай, Болгария, Албания жана Түркиянын өкүлдөрүн жалпысынан 47:3 эсебинде жеңди.

Бүгүн, ал финалда АКШлык Жаксен Патрик Форрест менен беттешет.

Дагы бир кыргызстандык Шарип уулу Билол (65 кг) жарым финалда Умиджон Жалоловго (Өзбекстан) утулуп калды жана эми коло медаль үчүн күрөшөт.

Эң көп окулган жаңылыктар