14:26
USD 87.45
EUR 101.52
RUB 1.08

Бир жуманын ичинде Кыргызстанда дээрлик 400 мас айдоочу кармалды

20-октябрдан 26-октябрга чейинки аралыкта өлкө аймагында 24 566 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖККББ) басма сөз кызматы билдирди.

Анан ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 3 117;
  • мас абалында унаа башкаруу — 399;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 227;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1985;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 186;
  • авто ээнбаштык — 43;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3649;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 13;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 12 651;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 513 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар