19:51
USD 87.45
EUR 101.70
RUB 1.09

Бишкектин кайсы жеринде трамвай линияларын ачуу пландалып жатат?

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

2025-2050-жылдарга карата жаңы Башкы планда бир трамвай депосу менен 45,1 километр трамвай линияларын куруу каралган. 24-kg.com документти жана ага тиркелген карталарды кылдат карап чыкты.

Анда жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн трамвай линиялары эки багытта: түштүк борбордук жана түштүк-батыш-түштүк-чыгыш багытында пландаштырылып жаткан автобекетке туташып, жүрүшү пландаштырылганы айтылат.

Бишкек мэриясы
Фото Бишкек мэриясы. Келечектеги трамвай каттамдары кызыл түс менен белгиленген
Ошондой эле, түндүк-түштүк жана түндүк-борбордук багыттар боюнча жүргүнчүлөрдүн жүрүшүн камсыз кылуу үчүн тышкы транспорттук жайларга (автобекеттер жана Манас эл аралык аэропорту) туташтыруу менен 93,4 чакырымдык метробус системасын куруу пландалууда. Биринчи каттамдар Ахунбаев көчөсү, 7-апрель көчөсү, Жибек Жолу проспектиси жана Садырбаев көчөсү боюнча болот.

Темир жол транспортунун каттамдары Абдрахманов, Горький, Киев, Масалиев, Асаналиев көчөлөрү жана башка көчөлөрдүн бөлүктөрүндө да жүрүшү пландаштырылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар