Улуттук банктын маалыматы боюнча, бүгүн, 27-октябрда өлкөдө «Бүткүл дүйнөлүк аманат күнү» өнөктүгү башталды.
Маалыматка ылайык, бул кеңири масштабдуу иш-чара Кыргызстанда 2015-жылдан бери Улуттук банк тарабынан координацияланып, мамлекеттик органдардын, финансылык институттардын, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин жана башка катышуучулардын көмөктөшүүсү менен жүргүзүлүп келет.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөнүн негизги максаты — калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча топтоо маданиятын калыптандыруу жана акча ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга дем берүү.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн алкагында 27-октябрдан 31-октябрга чейин Бишкек шаарында жана аймактарда мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, камсыздандыруу компанияларынын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен биргеликте ар кандай иш-чаралар, атап айтканда ачык сабактар, лекциялар, интерактивдүү оюндар, экскурсиялар, ачык эшик күндөрү, сынактар жана викториналар өткөрүлөт. Иш-чаралардын жүрүшүндө үнөмдөөнүн маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору тууралуу маалымат берилет.


