Бүгүн, 29-октябрда саат 8:00дөн 12:00гө чейин шаардын бир бөлүгүндө ичүүчү суу менен камсыздоо токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Бишкек-Күнтуу» унаа жолунун боюндагы D-1000 мм суу түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу болууда.
Турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде суу болбойт.Өчүрүлгөн аймак:
Достук айылы — ТЭЦ-2 турак жай комплекси — Ынтымак — Көк-Асаба — Көк-Жайык — Ахунбаев — Алыкулов — Өмүр — Муромская — Селекционная көчөлөрү — Бишкек — Күнтуу жолу.
«Бишкексууканал» ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурап, уюмдардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.


