13:30
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.10

Ашуулардагы абал айтылды: Учурда «Арашан-Чуңкурчак» жолундагы кырдаал кандай?

Чүй облусундагы «Арашан-Чуңкурчак» жолунун курулушу активдүү жүрүп жатканын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-чакырымдан 22-чакырымга чейинки тилкеде иштер жүрүп жатат. Бул тилке кеңейтилип, топурак иштери болжол менен 85 пайызга бүткөрүлдү. Ошол эле учурда адистер 46 суу өткөргүч түтүктөрдү орнотуп, эки көпүрөнүн конструкциясын реконструкциялап жатышат.

9-чакырымдан 11-чакырымга чейинки тилкеге ​​эки тараптуу асфальт төшөлдү. Ал эми калган бөлүктөр жолдун негизин жана асфальттоого даярдык көрүүнү аяктоо алдында турат.

Курулуш мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен каржыланууда.

Министрлик «Арашан-Чуңкурчак» унаа жолу лыжа базасына жана эс алуу жайларына алып баруучу туристтик мааниге ээ экенин белгилейт.

Эң көп окулган жаңылыктар