19:22
USD 87.45
EUR 101.64
RUB 1.10

Кыргызстан айыл чарбасын каттоо кийинкиге жылдырылды

Кыргызстан айыл чарбасын каттоо кийинкиге калтырды. Чечим Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды.

Ал 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өткөрүлөт.

Ал эми буга чейин министрлер кабинетинин 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндөгү № 122 токтомунун негизинде өлкө аймагында кезектеги айыл чарба каттоосун өткөрүү каралган.

Белгилей кетсек, айыл чарба каттоосу 10 жылда бир жолу өткөрүлөт жана өлкөнүн айыл чарбасынын абалы жана түзүмү жөнүндө толук, объективдүү жана ишенимдүү маалымат алууга багытталган масштабдуу улуттук статистикалык иш-чара болуп саналат. Чогултулган маалыматтар натыйжалуу агрардык саясатты иштеп чыгуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүү үчүн негизги курал болуп калат.

Каттоо төмөнкүдөй так маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет:

  • менчиктин бардык түрүндөгү айыл чарба ишканаларынын жана чарбаларынын санын жана түзүмүн;
  • айыл чарба өндүрүшүнүн түрлөрүн жана көлөмүн;
  • жер, эмгек жана материалдык ресурстардын болушун;
  • малдын жана үй канаттууларынын санын;
  • фермердик чарба жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн жана механизация деңгээлин.

Каттоо даярдоо боюнча бардык уюштуруу-методикалык иштер 2024-жылы башталган, ошондой эле эки райондо пилоттук иш-чаралар өткөрүлгөн. Каттоону 2026-жылдын мартында аяктоо пландаштырылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар