Кыргызстандык Валентина Шевченко 2025-жылдын 15-ноябрында Нью-Йоркто өткөн UFC 322 мелдешинде титулун коргоо алдындагы машыгуусунун жүрүшү менен бөлүштү.
Эске сала кетсек, анын атаандашы мурдагы жеңил салмактагы чемпион кытайлык Вэйли Чжан болот. Ал бул беттеш үчүн титулунан баш тартып, дагы жогору салмакка өткөн.Валентина Шевченко менен Вэйли Чжан аялдардын жеңил салмактагы титулу үчүн беттешет.
Бул кыргызстандык мушкердин карьерасындагы сегизинчи титулун коргоосу болот. Ал акыркы жолу ушул жылдын май айында UFC 315 мелдешинде Манон Фиорону бир добуштан жеңип, беттешке чыккан.


