Кыргызстан учурда социалдык жактан маанилүү тогуз азык-түлүктүн алтоосу боюнча өзүн-өзү толук камсыздайт. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдан тарта кумшекер менен өзүбүздү өзүбүз камсыздай баштадык. Буга чейин картошка, сүт, эт, жашылча жемиштер жана жумуртка менен камсыздап келгенбиз. Ал эми калган 3 продукциянын айрым бөлүгү импорттун эсебинен камсыздалат.
Алар:
- Нан азыктары,
- Өсүмдүк май
- Мөмө-жемиштер.
"Эт боюнча Кыргызстан өзүн уй — кой эти менен 100 пайыздан ашыгыраак камсыздайт. Тоок эти боюнча толук кандуу камсыздоо иштери жигердүү жүрүп жатат.
Ал эми этке болгон баа, коңшу өлкөлөрдө (Өзбекстан, Тажикстан) кыйла жогору. Ошондуктан, убагында дыйкан-фермерлер жогорку киреше табуу максатында аталган продукцияны экспорттоп келишкен.
Ошондой эле эттин баасын туруктуу кармоо максатында, эттин экспортуна тыюу салынганын жана баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилгенин кошумчаланды.


