14:26
USD 87.45
EUR 101.59
RUB 1.09

UFC: Абсолюттук мушкерлер уюмунун эң мыкты спортчусу аныкталды

Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) титулуна мурдагы талапкер Хорхе Масвидал уюмдагы эң мыкты активдүү мушкерди атады. Бул тууралуу Championat.com сайты жазып чыкты.

«Менимче, Ислам Махачев учурдагы эң мыкты мушкер. Анын башкаруу жана техника ыкмасы жагынан теңдеши жок жана коркунучтуу түш сыяктуу. Ал адамдын турган турпатына да зыян келтирет. Мен тартынбастан айтаар элем, Ислам азыр жер жүзүндөгү эң мыкты мушкер», — деди Масвидал Death Row MMA подкастында.

Эскерте кетсек, Махачев 16-ноябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүүчү UFC 322 мелдешинде австралиялык Джек Делла Маддалена менен беттешет.

Эң көп окулган жаңылыктар