14:28
USD 87.45
EUR 101.59
RUB 1.09

Кыргызстанда дыйкандарга 4 миллиард сом жеңилдетилген насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо-13» долбоордун алкагында 4 млрд 81 млн сом жеңилдетилген насыя берилди.

Каржы министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, насыяны республиканын 6 487 айылдык товар өндүрүүчүлөрү алды.

Анын ичинде:

  • «Мал чарбачылык» тармагы боюнча 3 381,37 млн сом суммасында 5 443 субъектти түзөт;
  • «Өсүмдүк өстүрүүчүлүк» тармагы боюнча 441,02 млн сом суммасында 898 субъектти түзөт;
  • «Сууну үнөмдөөчү технологиялар» тармагы боюнча 17 млн сом суммасында 24 субъектти түзөт;
  • Лизинг" тармагы боюнча 241,56 млн сом суммасында 122 субъектти түзөт.

Эң көп насыя Жалал-Абад облусунда берилген — 810 миллион сомго 1259 насыя. Эң азы Баткен облусунда берилген — 284 миллион сомго 463 насыя.

«Айыл чарбасын каржылоо-13» долбоору айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген каржылоого мүмкүнчүлүк берет. Бул аларга чарбаларын модернизациялоого, заманбап технологияларды колдонууга жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга шарт түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар