18:42
USD 87.45
EUR 101.17
RUB 1.09

Кыргызстандык спортчу Рамазан Тянгубер Азия жаштар оюндарында алтын медаль алды

Манама шаарында өтүп жаткан III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык спортчу Рамазан Тянгубер джиу-джитсу боюнча биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынды.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Кыргызстандык спортчу Рамазан Тянгубер Азия жаштар оюндарында алтын медаль алды

Ал 69 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып, 1/8 финалда старт алып, Кувейт, Сауд Арабиясы жана Казакстандын өкүлдөрүн төрт жолу катары менен жеңип алды.

Финалда биздин спортчу казакстандык дагы бир атаандашы Рафаэль Орумбаевди жеңип, биринчи орунду ээледи.

Бул алтын медаль Бахрейнде өткөн Азия оюндарында Кыргызстандын биринчи медалы болду.

III Өспүрүмдөр Азия оюндары 22-31-октябрь күндөрү Бахрейн падышалыгынын борбору Манамада өтүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар