Бүгүн, 31-ноябрда саат 7:25 чамасында, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын 102-бөлүмүнө «Булки» түнкү клубунун жанында мушташ болгону тууралуу билдирүү түшкөн.
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, окуя болгон жерге патрулдук милиция кызматкерлери барган. Натыйжада факт тастыкталып, жаңжалдын 5 катышуучусу кармалып, суракка алуу үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилишкен.
Бишкек милициясы учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатканын, анын негизинде окуянын бардык жагдайлары аныкталып жатканын, кийинчерээк кошумча маалымат берилерин белгиледи.



 
  
  
 