20:48
USD 87.45
EUR 101.17
RUB 1.09

УКМК Ошто лицензиясы жок, мыйзамсыз акча алмаштыруу жайларын жапты

УКМК Ош шаарындагы, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы"Достук-автожол" көзөмөл өткөрүү пунктунун аймагында тиешелүү лицензиялары жок валюта алмаштыруу жайларын жапты

Маалыматка ылайык, көзөмөл өткөрүү пунктуна жанаша жайгашкан аймакта чет өлкөлүк валюта алмаштыруу кызматын көрсөткөн 116 пункт аныкталды, алардын 84үнүн тиешелүү лицензиясы жок иштеп жатышкан.

Буга чейин УКМК Улуттук банктын Оштогу кеңсесинин катышуусунда атайын иш-чараларды уюштуруп, анын жүрүшүндө мыйзамсыз валюта алмаштыруу иш-аракеттерин жүргүзгөн адамдарга административдик чаралар көрүлүп, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Бирок, административдик чара көрүлбөй, мыйзамсыз иш-аракеттер улантылганын белгилей кетүү керек.

Натыйжада УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Өзгөчө ири өлчөмдө киреше алууга багытталган мыйзамсыз ишкердик жана банктык иш-аракеттер» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ушул жылдын 26-октябрында жогоруда аталган акча алмаштыруу жайларында массалык тинтүү жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында:

  • 66 млн 490 миң 671 сом,
  • 941 миң 360 АКШ доллары,
  • 3 млрд 635 млн 527 миң 600 өзбек суму,
  • 3 млн 531 миң 200 казак теңгеси,
  • 66 млн 729 миң 142 орус рубли,
  • 170 тажик сомониси,
  • 29 миң 890 түрк лирасы,
  • 23 миң 361 евро,
  • 53 миң 920,5 кытай юаны конфискацияланып, акча алмаштыруу жайлары жабылып, мөөр басылган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар