01:22
USD 87.45
EUR 101.17
RUB 1.09

Акыйкатчы: «Казакстанда эки кыргызстандык эже-сиңди күч менен кармалган»

Казакстандагы эмгек миграциясынан Кыргызстанга келе албай жаткан кыздар өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Октябрь айынын башында Акыйкатчыга Ош облусунун Кара-Суу районунун С.М. аттуу тургуну эки кызы Казакстанга иштөөгө кетип, келе албай жатканын билдирип, укуктук жардам сурап кайрылган.

Аялдын айтымында, 2024-жылдын март айында К.К. аттуу аял 16 жана 18 жаштагы кыздарын Шымкент шаарына жумушка алып кеткен. Бирок кыздар баргандан кийин зомбулукка кабылып, күнү-түнү иштеп жатканын айтып даттанышкан.

«Бир тууган эже-сиңдилер кыздарымды эртеден кечке базарда, кайра түн бир оокумга чейин оор мүшөктөрдү кампага ташытып, кулдай эле жумшашкан. Кетебиз десе күч колдонушуптур. Мен байланышып, кыздарымды жөнөт десем 3 жыл иштеп анан кетет, ага чейин чалып башымды оорутпа деп койду», — дейт аял.

Апасы жумуш берүүчү кыздардын документтерин тартып алганын кошумчалайт.

"Документтери жок качып кете албай жүрүштү. Кыздарым акыры менден "алып кетпесеңиз биз 3-кабаттан секирип өлөбүз"дегенге чейин барышты", — дейт аял.

Акыйкатчы кыздардын укуктары жана эркиндиктери бузулганын белгилеп, аларды тез арада өлкөгө алып келүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен КРнын Тышкы иштер министрлигине жана Ички иштер министрлигине кат жолдогон.

Кыргызстандын Алматагы башкы консулдугу жана кыргыз диаспорасынын жардамы менен кыздар Шымкент шаарында иштеп жүргөн жеринен табылган. Алар коңшу өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузгандыктан, Кордайда соту өткөндөн кийин 13-октябрда мекенине жеткирилип, апасына өткөрүлүп берилди.

Жамиля Жаманбаева КРнын Балдар жөнүндө кодекси (15-берене, 2-пункт) жашы жете электерди эмгекке тартууга, мажбурлап иштетүүгө жана белгиленген нормадан ашык жүктү көтөрүүсүнө тыюу саларын белгилейт.

Эң көп окулган жаңылыктар