Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 4-5-ноябрда өлкө аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен жааган жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
4-5-ноябрда жана 6-ноябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −1...-6° суукка чейин, күндүз 0...5° жылуулукка чейин;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −2...-7° суукка чейин, күндүз 0...5° жылуулукка чейин;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0...5°, күндүз 1...6° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн −2...-7° суукка чейин, күндүз −2° сууктан ...+3° жылуулукка чейин;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −4° сууктан ...+1° жылуулукка чейин, күндүз 1...6° жылуулукка чейин;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −4...-9° суукка чейин, күндүз −1° сууктан ...+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн −5...-10°, күндүз 0...-5° суукка чейин, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −15...-20°, күндүз −5...-10° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
6-ноябрда түнкүсүн жана эртен менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө −1...-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.



