АКШнын президенти Дональд Трамп өз өлкөсүндө дүйнөдөгү эң көп өзөктүк курал бар экенин билдирди — дүйнөнү 150 жолу жардырууга жетиштүү. Бул тууралуу ал CBS News каналына берген маегинде билдирди.
Маегинде Дональд Трамп Орусия менен Кытай өзөктүк сыноолорду жүргүзөрүн, бирок алар тууралуу расмий түрдө билдирбей турганын айтты. Ошондой эле ушул сыяктуу сыноолорду Түндүк Корея менен Пакистанда жүргүзүп жатканын билдирди.
«Мен сыноолорду жүргүзбөгөн жалгыз өлкө болгум келбейт. Бизде дүйнөнү 150 жолу жардырууга жетиштүү курал бар», — деди Трамп.
Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен өзөктүк курал маселесин талкуулаганын кошумчалады. Ал өзөктүк запастарды азайтуунун жолдорун табуу зарылдыгын айтты, бирок азырынча конкреттүү чараларды аныктай элек.
Кремль буга чейин кимдир бирөө сыноолорду жүргүзүүгө коюлган мораторийди бузса, Орусия жооп кайтарарын эскерткен. Ошол эле учурда Москва да, Вашингтон да коопсуздук маселелери боюнча диалогго даяр экенин билдиришти.


