Бүгүн, 4-ноябрда саат 7:04тө сейсмологдор эпицентринде 12 баллдык MSK-64 шкаласы боюнча болжол менен 3,0 баллдык жер титирөөнү катташты.
Сейсмология институтунун алдын ала маалыматы боюнча, жер титирөөнүн эпицентри Алай тоолорунда, Кашка-Суу айылынан 20 чакырым түндүк-батышта, Кара-Өтек айылынан 28 чакырым түштүк-чыгышта жана Оштон 87 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөө Кыргызстандын калктуу конуштарында сезилген эмес.


