16:03
USD 87.45
EUR 100.69
RUB 1.08

Кыргызстанда жолдорду тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Учурда Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда жана Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашууда кар жаап жатат. Министрликке караштуу № 9 жана № 36 Жол тейлөө ишканалары тарабынан инерттик материалдарды себүү, тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ал эми Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө калды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып баштоого, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар