12:43
USD 87.45
EUR 100.69
RUB 1.08

АКШда жүк ташуучу учак кулап, 7 адам каза болуп, 11 адам жаракат алды

АКШда UPS Airlines жүк ташуучу учагы кырсыкка учураган. AP News агенттигинин маалыматы боюнча, кырсык Кентукки штатынын Луисвилл шаарындагы Мухаммед Али атындагы эл аралык аба майданынын учуп чыккандан көп өтпөй болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, McDonnell Douglas MD-11 учагынын сол кыймылдаткычы өрттөнүп кеткен. Андан кийин учак башкарууну жоготуп, кулап, бир нече имараттарга, күйүүчү май бактарына жана ондогон унааларга урунган. Кырсык болгон жерде чоң өрт чыккан.

The Guardian маалыматы боюнча, кеминде жети адам каза болуп, дагы 11 адам ар кандай деңгээлде жаракат алган.

Жергиликтүү бийлик аэропорт убактылуу жабылганын, айланадагы аймактар ​​курчоого алынганын жана сегиз чакырым радиуста жашаган тургундарга үйдө калуу сунушталганын жарыялады.

Федералдык авиация башкармалыгынын жана Улуттук транспорт коопсуздугу кеңешинин адистери кырсыктын себебин иликтеп жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар