Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында тизеге чейин кар жаады. Бул тууралуу окурмандар 24-kg.com басылмасына билдиришти.
Алар бүгүн, 5-ноябрда эртең менен короосунда калың кар катмарын көрүшкөнүн айтышты. Болгону бир нече сааттын ичинде кар катмары тизеге чейин пайда жааган.
Окурмандар карды тазалоо иштери эми жарым күнгө созулаарын белгилешет.
Бул тууралуу кабарды WhatsApp аркылуу 0555312024 номерине жөнөтүп кабарлай аласыз.


