Ат-Башы—Кында—Торугарт автожолунун 65-73-чакырымындагы Кында ашуусу 1-апрелге чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.
Ашуу ушул жылдын 6-ноябрынан 2026-жылдын 1-апрелине чейин жабык болот.
Ал эми жакынкы күндөрү Калмак-Ашуу ашуусун жабуу пландалууда.
Буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Буура жана Сары-Кыр ашуусу жазга чейин жабылган. Чаткал жана Сузак райондорунун акимдеринин буйругуна ылайык, аймакты караган жол тейлөө ишканалары тарабынан тиешелүү жерлерге каттамдардын жабылгандыгын көрсөткөн жол белгилери орнотулган.


