15:20
USD 87.45
EUR 100.76
RUB 1.08

Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Бүгүн Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чаралар өттү. Бул тууралдуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Салтанат Түбөлүк от мемориалдык комплексинде өттү. Ага мэрдин орун басарлары, муниципалдык кызматкерлер, шаардык кеңештин мүчөлөрү, шаардык кызматтардын жана ишканалардын жетекчилери, Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Катышуучулар «Өчпөс от» мемориалдык комплексине гүл коюп, ата-бабаларды бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти. Бүгүнкү күнгө карата Ош шаарындагы көзү өткөн мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюп, эскерүү иш-чаралары өтүп жатат.

7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп 2017-жылы негизделген.

Эң көп окулган жаңылыктар
7-ноябрь, жума