16:45
USD 87.45
EUR 100.76
RUB 1.08

Камчыбек Ташиев төрт балалуу энеге батир белек кылып, насыясын төлөп берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кыйын кырдаалга туш болгон жалгыз бой энеге жардам берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, төрагага буга чейин КР жараны Элеонора Нуралиевадан оор турмуштук кырдаалга байланыштуу жардам сурап кайрылуу келип түшкөн.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы. Камчыбек Ташиев төрт балалуу энеге батир белек кылып, насыясын төлөп берди

Элеонора Нуралиева 1989-жылы туулуп, ал төрөлгөндөн кийин апасы Кыргызстанга келип, 4 жашында аны белгисиз адамдарга 1500 сомго сатып жибергенин айтат. Андан кийин ал 13 жашка чыкканга чейин ар кандай адамдар тарабынан тарбияланган. 13 жашынан баштап балдар үйүндө тарбияланып, эч кандай билим алган эмес. 19 жашында тун уулун төрөгөн.

2020-жылдан тарта ал ошол эле балдар үйүнөн чыккан бала менен жашап келет, андан 3 уулу (4 жаш, 2,4 жана 7 айлык) бар. Бирок, балдардын атасы учурда аларга эч кандай жардам бербейт.

Буга чейин, Э.Нуралиева өзү жашаган имараттардын биринде тигүүчү цехте иштеген, бирок 2025-жылдын сентябрь айында акысыкн төлөй албай калып, турак жайсыз калган. 29-сентябрда 3 кичүү баласы менен Бишкек шаардык мэриясынын «Аялзат» муниципалдык кризистик борборуна жайгаштырууга аргасыз болгон.

Э.Нуралиеванын 4 жаштагы уулу бронхиалдык оору, дерматит жана өнүгүүсүнүн кечеңдеши менен жабыркайт (анын керектүү дары-дармектерди сатып алууга каражаты жок). Ал тиричилик кылуу максатында тигүүчү машиналарды сатып алуу үчүн насыя алган, бирок төлөй албай калган.

Кыйын кырдаалды эске алуу менен, Э.Нуралиеваны жана анын балдарын колдоо максатында, УКМКнын төрагасы К.Ташиев Бишкектеги эки бөлмөлүү батирдин документтерин жана ачкычтарын тапшырды. Мындан тышкары, банк карызы төлөнүп, паспорт алууга жардам көрсөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар
7-ноябрь, жума