11:25
USD 87.45
EUR 100.87
RUB 1.08

Шайлоо-2025: Бүгүн парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү расмий башталды

Бүгүн, 10-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун үгүт өнөктүгү расмий башталды.

Алдыдагы шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткандыктан, жалпы шайлоо процессинин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылган. Буга ылайык, шайлоо алдындагы үгүт 20 күнгө, тагыраагы, 10-ноябрдан 29-ноябрь күнү саат 8:00гө чейин уланат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда депутаттыкка талапкерлерди каттоо аяктап, жалпысынан 467 талапкер катталды.

Алардын 276сы эркек болсо, 191и айым талапкерлер. Депутаттыкка аттангандар № 19 округдан эң көп болуп, саны 25ти түздү. Ал эми шайлоого эң аз № 11 округдан катышмакчы. Ал округдан 5 талапкер ат салышат.

Белгилей кетсек, 30-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ар бир округдан үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Парламентке 30 округдан 90 депутат шайланып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар