11:25
USD 87.45
EUR 100.87
RUB 1.08

Шайлоо −2025: БШК шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады.

Шайлоочулардын контролдук тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде КР Президентине караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси (ММ «Кызмат») тарабынан түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулардын мамлекеттик «Тизме» порталында жайгаштырылды — https://tizme.gov.kg/.

Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу шайлоо маалында күн сайын жүргүзүлөт.

Контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 4 297 040 адам, анын ичинен 2 082 263 эркектер жана 2 214 777 аялдар же 48,46% жана 51,54%.

Кагаз түрүндөгү шайлоочулардын тизмелери 2025-жылдын 10-ноябрына чейин 2492 шайлоо участогунда илинет.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесиндеги аты-жөнүңүздү төмөнкүлөр аркылуу текшере аларыңызды эскертет:

  • 1255 же 119 кыска номерлерине чалуу;
  • шайлоо участогунда;
  • Тизме веб-сайтында;
  • паспортуңуздагы PIN-кодуңузду (жеке идентификациялык номериңизди) камтыган 119 кыска номерине SMS жөнөтүү.
  • SMS жөнөтүү жана чалуу акысыз.

Сегизинчи чакырылыштагы парламенттин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери бүгүн башталып, добуш берүү күнүнө бир күн калганда, 29-ноябрда саат 8:00дө аяктайт.

Шайлоонун жыйынтыктары 14-декабрга чейин эсептелип, расмий түрдө жарыяланат.

Эң көп окулган жаңылыктар