Кыргызстан курама командасы самбо боюнча дүйнө чемпионатында жалпы командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясынын сайтында кабарланды.
Биздин спортчулар эки алтын жана эки коло медалды, ошондой эле бир күмүш медалды жеңип алышты. Нейтралдуу күчтөр катары катышкан орусиялык самбочулар биринчи орунду, ал эми казакстандык команда экинчи орунду ээледи.
Даниел Асеков менен Бекболот Токтогонов дүйнө чемпиондору, Элхан Орозалиев күмүш, ал эми Үсөн кызы Акак менен Мээримай Нурадилова коло медалдарды жеңип алышты.
«Бишкекте дүйнө чемпионатын өткөрүү спортубуздун дүйнөлүк өсүшүн жана универсалдуулугун дагы бир жолу ачык көрсөттү. Биз салттуу самбо мектептеринин кантип күчөп жатканын жана жаңы өлкөлөрдүн кантип атын чыгарып жатканын көрүп жатабыз. Паралимпиадалык самбонун өнүгүшү өзгөчө сыймыктануу жаратат: дүйнө чемпиондору болгон Иран, Монголия жана Молдовадан келген сокур спортчулардын ийгиликтүү оюну самбо чындап эле баарына жеткиликтүү экенин далилдейт», — деп белгиледи Эл аралык самбо федерациясынын (FIAS) президенти Василий Шестаков жабылуу аземинде.
Эскерте кетсек, самбо боюнча дүйнө чемпионаты 7-9-ноябрь күндөрү Бишкекте өттү. Мелдеште 31 медаль ойнотулду: спорттук самбо, мушташ самбосу жана көрүүсү начарлар үчүн самбо (SVI-1).


