Asman Airlines 5-декабрдан баштап Алматыдан Каракол эл аралык аэропортуна үзгүлтүксүз каттамдарды баштайт. Бул тууралуу мамлекеттик авиакомпаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына эки жолу, жума жана жекшемби күндөрү, Алматыдан саат 11:35те учуп чыгып, Караколдон саат 12:35те кайтып келет. Жол жүрүү убактысы 35 мүнөт.
Билеттерди авиакомпаниянын расмий сайты — asmanairlines.kg аркылуу же Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алууга болот. Билеттердин баасы 6500 сомдон башталат.
Бул жаңы багыт туристтерге жана аймактар аралык байланышты жакшыртууга өбөлгө түзөт.


