Кыргызстандын Улуттук банкы 2025-жылдагы алтынчы валюта интервенциясын жүргүздү. Бул жылдын эң көлөмдүүсү болду.
Банктар аралык рынокто 173,9 миллион доллар сатылды. Анын ичинен 65,3 миллион доллары бүтүм жасалган күнү, ал эми 108,6 миллион доллары кийинчерээк төлөндү.
Бүтүм доллардын туруктуу курсунун шартында 87,45 сом баада жүргүзүлдү.
2025-жылдын башынан бери Улуттук банк жалпысынан 590,5 миллион доллар сатты.


