07:53
USD 87.45
EUR 101.04
RUB 1.08

Пайдалуу кеңеш: Өпкө рагынын кеңири таралган түрү аныкталды

Үч жумага же андан көпкө созулган жөтөл өпкө рагынын симптому болушу мүмкүн экендигин Gazeta.ru сайты жазып чыкты.

Daily Mirror гезити Улуу Британиянын Улуттук саламаттыкты сактоо кызматынын (NHS) адистери бул тууралуу эскертишти.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк учурларда жөтөл суук тийүү, сасык тумоо же COVID-19 сыяктуу кеңири таралган себептер менен байланыштуу экенин, бирок кээде рактын өнүгүшүн көрсөтүшү мүмкүн экенин тактайт. Эскертүүчү белгилерге узакка созулган же күчөгөн жөтөл, кайталанган респиратордук инфекциялар, кан менен жөтөлүү, дем алганда же жөтөлгөндө оору, дем алуунун тынымсыз кысылышы, чарчоо, табиттин жоголушу жана себепсиз арыктоо кирет.

Кызматтын веб-сайтында өпкө рагынын анча көп кездешпеген белгилерине манжалардын формасынын өзгөрүшү, жутуунун кыйындашы же оорутушу, дем алууда кыйынчылык, кырылдаган үн, үндүн каргылданышы жана беттин же моюндун шишиги кирери белгиленген.

«Тамеки чегүү негизги коркунуч фактору бойдон калууда, ал учурлардын 70% дан ашыгын түзөт. Башка мүмкүн болгон себептерге радон, асбест жана көмүрдүн түтүнүнө дуушар болуу кирет», — деп жыйынтыкташты дарыгерлер.

Эң көп окулган жаңылыктар