15:36
USD 87.45
EUR 101.20
RUB 1.08

Баткен облусунда аткезчилик каналы жабылды. 12 адам кармалды

КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасы аркылуу көп сандагы керектөө товарларын жана тиричилик техникаларын аткезчилик жол менен алып өтүүчү калыптанган каналды жапты.

Атайын кызмат тажик, кытай жана кыргыз жарандарынан турган уюшкан топ товарларды чек ара аркылуу мыйзамсыз алип кирүү максатында түзүлгөнүн белгиледи. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүгү (Уюшкан топ тарабынан (чек ара аркылуу) же кылмыштуу коомчулуктун курамында жасалган экономикалык аткезчилик) менен кылмыш иши козголгон.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы. Аткезчилик

Натыйжада болжол менен 29 миллион сомдук аткезчилик товарларды чек арадан өткөрүү боюнча 1 кытай жана 11 кыргыз жараны Лейлек районунун аймагынан кармалган. Алар УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Баткенде аткезчилик товарларды алып кирүү боюнча 12 адам кармалды

Эң көп окулган жаңылыктар