18:54
USD 87.45
EUR 101.24
RUB 1.08

Бишкектеги рейд. Күндө коомдук транспорттон 10дон ашык жүргүнчүгө айып салынууда

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Күн сайын коомдук транспорттон 10дон ашык жүргүнчүгө айып салынууда

Бишкек шаарында коомдук транспортто жол киренин чогултулушун текшерүү үчүн күн сайын рейддер өткөрүлүп жатат. Жол кире акысын төлөбөгөн жана билет албаган жүргүнчүлөргө Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 199-беренесинин 8-бөлүгү боюнча айып пул салынат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, күн сайын 10дон ашык жүргүнчүгө айып пул салынууда.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана «Тулпар» компаниясы менен биргеликте коомдук транспортто жол кирени төлөөнү текшерүү боюнча рейддерди улантууда.

Транспорт департаментинин коомдук транспортту инспекциялоо бөлүмү аркылуу протоколдор түзүлүп, 1000 сом өлчөмүндө айып салынууда.

Бишкек мэриясы коомдук транспортто накталай акча төлөгөндө, талон алууну унутпоону. Ар бир каттамдын өзүнчө номурдагы талону болот жана ал талондор кийинки каттамга жараксыз экенин эскертти.

Эң көп окулган жаңылыктар
12-ноябрь, шаршемби