Ош облусунун Өзгөн районундагы Ана-Кызыл айылында 275 окуучуга ылайыкташтырылган Арзыбай Өмүрзаков атындагы жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
«Биз балдардын билим берүү сапатын жакшыртуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп жатабыз. Ар бир бала өзүнүн толук потенциалына жетүүгө татыктуу», — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева мектеп эл аралык коопсуздук стандарттарына ылайык курулганын белгиледи.
«Биз мектептерде бардык зарыл шарттарды түзүүгө жана ар бир мугалимди ноутбук менен камсыз кылууга умтулабыз. Мен өкмөт бул жааттагы өз милдетин толук аткарып жатат. Бул жаңы билим борбору балдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат », - деди ал.
Объекттин жалпы курулуш баасы 176 млн 220 миң сомду түзүп, Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен курулду.
Бул жаңы мектеп аймактагы окуучулар үчүн сапаттуу билим алууга жана ыңгайлуу шарттарда окуу процессин жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.


