Эртең, 12-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −3... +2, күндүз +10... +15;
Талас жергесинде түнкүсүн 0... −2, күндүз +10... +12;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1... +3, күндүз +15... +17 градус жылуу;
Ысык-Көлдө түнкүсүн −1... +1, күндүз +9... +11;
Нарын аймагында түнкүсүн −3... −5, күндүз +6... +8 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 0... +2, күндүз 12... +14 градуска жетет.


