Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 170 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, БШКнын токтому менен эл аралык байкоочу катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды:
— Болгариянын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
— Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
— Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын;
— Египет Араб Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясынын;
— Ислам кызматташтык уюмунун;
— Кыргызстандагы Кытай элчилигинин;
— Кыргызстандагы АКШ элчилигинин;
— Кыргызстандагы Япониянын элчилигинин;
— Кыргызстандагы Венгриянын элчилигинин;
— Кыргызстандагы Улуу Британиянын элчилигинин;
— ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун;
— КМШнын байкоочулар миссиясынын;
— Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын;
— ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын;
— КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын;
— ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү.
Ошентип, БШК бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 297 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады.


