Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Адылбек Касымалиев Астанага жумушчу сапар менен келди
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын Астана шаарына жумушчу сапар менен келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди.
Эске сала кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы 13-жыйынына катышат.


