Бишкектин 5-кичи районунда жеке компаниясынын айынан суу түтүгүнүн бузулушуна байланыштуу ичүүчү суу берүү токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Учурда Бишкектин түштүк аймагындагы 3, 4, 5, 6, 7 жана 8-кичи райондордо, Юг-7 жана Молодежный кварталында, 3- жана 4-кичи райондордун астындагы жеке сектордо, Абай жана Малдыбаев көчөлөрүнүн боюнда (Ахунбаев көчөсүнөн жогору), ошондой эле Онкология борборунда жана Республикалык психиатрия жана баңгилик борборунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулду.
10-кичи райондо суунун басымы төмөн экени байкалууда. «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын адистери кырсыктын себептерин аныктап жатышат.
Мэрия убактылуу ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт.


