17-18-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россиянын Москва шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Анда министрлер кабинетинин төрагасы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 24-жыйынына катышат.
Жыйында соода-экономикалык кызматташуу, каржылык өз ара аракеттенүү жана Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.


