15:49
USD 87.45
EUR 101.20
RUB 1.08

Криштиану Роналду Ак үйдө Дональд Трамптын үй-бүлөсү менен жолугушту

Championat.com
Фото Championat.com . Криштиану Роналду жана Дональд Трампт
Португалия курама командасынын футболчусу Криштиану Роналду Ак үйдө ардактуу конок катары кечки тамакка катышып, АКШнын президенти Дональд Трамптын үй-бүлөсү менен жолугушту. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.

ESPN басылмасы Трамп Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салманды Ак үйдө коноктогондугун билдирди. Ага атактуу футболчу Криштиану Роналду Сауд Арабиясынын «Аль-Наср» клубунун оюнчусу катары ханзааданын урматына арналган иш-чарага чакырылган.

Championat.com
Фото Championat.com . Криштиану Роналду жана Дональд Трампт

Трамп футболчуга катышканы үчүн ыраазычылык билдирди. АКШнын президенти кичүү уулу 19 жаштагы Баррон Трамп Роналдунун чоң күйөрманы экенин айтты.

40 жаштагы Криштиану Роналду беш жолку «Алтын топтун» ээси, беш жолку Чемпиондор Лигасынын, Европа чемпионунун, эки жолку Улуттар Лигасынын жеңүүчүсү жана улуттук курама командалардын, Европа чемпионаттарынын жана Чемпиондор Лигасынын тарыхындагы эң көп гол киргизген оюнчу.

Эң көп окулган жаңылыктар