Кыргызстандык балбан кыз Арууке Кадырбек кызы Сауд Арабия Падышалыгында өтүп жаткан VI Ислам шериктештиги оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадырбек кызы 53 килограмм салмак категориясындагы таймашта 3-орун үчүн болгон беттеште Индонезиянын балбаны Юсма Десвитаны 3:0 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болду.
Белгилей кетсек, Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында VI Ислам шериктештиги оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандын атынан 89 спортчу, 35 машыктыруучу жана команда мүчөлөрү катышууда.


