19:16
USD 87.45
EUR 100.75
RUB 1.09

Бишкекте белгисиз киши кызга кол салып, башына катуу нерсе менен урган

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрда В.А. аттуу аял милицияга жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. Ал болжол менен саат 19:00дө Куттубаев жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз эркек киши анын башына катуу нерсе менен урганын билдирген. Натыйжада жабырлануучунун денесине залал келтирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, жабырланычууга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы
Фото Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы. Бишкекте белгисиз киши кызга кол салып, башына катуу нерсе менен урган

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү катары 1998-жылы туулган К.А. аттуу жаранды кармашкан. Ал тергөө бөлүмүнө жеткирилип, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, текшерүүнүн жыйынтыгында кармалган адам мас абалында болгону аныкталган. Тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар